Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов президенттик шайлоону октябрда өткөрүүнү сунуштады

    Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өтүп, анда  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  мыйзам долбоору талкууланууда.

    Анда башкы СДПКчы Иса Омуркулов да өз сунуштарын берип, анда  «КР президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорунун 48-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизип, «ноябрда» дегенди «октябрда» дегенге алмаштырууну айтты. Анын айтымында, ушул эле мыйзамдын 55-беренесине ылайык, БШК добуш берүүдөн 20 күндөн кем эмес мөөнөттө президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялай турганы каралган. Эгерде бир да талапкер жеңишке жетишпесе, БШК эң көп добуш алган эки  талапкердин катышуусу менен шайлоонун экинчи айлампасын белгилейт.

    Эл өкүлү белгилегендей, кайрадан добуш берүү шайлоонун жыйынтыгы белгиленгенден кийин  2 жумадан эрте эмес мөөнөттө өткөрүлөт.

    «Шайлоону октябрда өткөрүү бардык жагынан оптималдуу болуп эсептелет. Эгерде шайлоо ноябрда өтсө, анда кайрадан добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жаңы жылга туш келип калат экен. Бирок муну менен катар аба-ырайы да шайлоочулар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып, шайлоо комиссиясынын жана мамлекеттик органдардын ишин оорлотот», - деди И. Омуркулов.

    Фракция лидери ошондой эле мындай сунушту депутаттар Т. Зулпукаров, А. Назаров, А. Абжалиев, А. Баатырбеков, Т. Масабиров, Н. Макеев, А. Сулайманов да берип жатканын кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея