Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Шайлоо системасын жакшыртууга багытталган парламенттик угуу өтүүдө

    Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  мыйзам долбоору каралып жатат.

    Угууга ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

    Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дастан Бекешевдин белгилөөсүндө, аталган мыйзам долбоору шайлоо системасын жакшыртууга багытталган. Анын айтымында, КР президентинин Жарлыгы менен шайлоо системасын жакшыртуу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына  ЖК депутаттары, өкмөттүн, президенттик аппараттын өкүлдөрү, БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьясы, Башкы прокуратуранын өкүлү, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү ж.б. киришкен.

    «Түзөтүүлөр инновациялык жетишкендиктерди колдонууга багытталып, «КР президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун мыктылоого, талапкерлердин акыркы тизмесиндеги гендердик, этникалык квоталарга мыйзамдык жактан кепилдик берүүгө жана шайлоо процесстерин жакшыртып, шайлоочулар менен шайлануучулардын добуш берүү укуктарын камсыз кылууга багытталган», - деди Д. Бекешев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея