Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Эркин Баевдин кызматына ылайыктуулугу каралсын!

    Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында айтты. Анда Бишкек жана Ош шаарларында видеокөзөмөл орнотууга байланышкан маселе каралды.

    Марат Аманкулов жол коопсуздугу боюнча маселе каралган учурда ага түздөн жоопкер болгон Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев келбей, өз милдетине кайдыгерлик менен мамиле кылып жатканын белгиледи. «Өткөн жолку жыйынга да Эркин Баев келген жок, дал ушул жол коопсуздугу боюнча маселе каралган болчу. Кырдаал оор, жол кырсыктарынан канча деген адам өлүүдө. Экономика жана транспорт министлери суранышты, а Эркин Баев эч нерсе айткан жок. Ошондуктан ИИМ аталган жетекчинин кызматка ылайыктуулугун карап көрсүн. Муну комитеттин чечимине да  киргизебиз», - деди М. Аманкулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы