Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жогорку Кеңештеги СДПК парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун 1-Май эмгек майрамы менен куттуктоосу

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди май айынын алгачкы күнүндөгү 1-Май – Эмгектин майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрам башынан  эмгектин, мээнеттин, биримдик, тынчтыктын салтанатынын  символу болуп келген. Ар бир жаран эмгектенүүгө, эмгегинин мээнетин көрүүгө укуктуу. Эмгек гана адамдын адам болуусун,  алдыга койгон ой, максаттарына  жетүүcүн  шарттайт.  Ал жарандарды мээнеткечтикке, кесипкөйлүккө, эмгекти сүйө билүүгө  тарбиялап, элибизди ынтымак-ырашкерликке, кайратмандыкка,  биримдикке жана жаратмандыкка үндөйт.

Мамлекетибиздин милдети – ар бир адамды жумуш менен камсыз кылып, ал үчүн жакшы шарттарды түзүп, кылган мээнеттеринин, жасаган эмгектеринин  натыйжасын  көрүүсүнө жетишүү. Мен жарандарыбыздын эмгектеринен баар таап, мээнеттеринин акыбети кайтып, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн эле эмес, жалпы мамлекеттин экономикасын, айыл-чарбасын өнүктүрүүгө зор салымдарды кошоруна  ишенем. Эмгек менен гана биз өзүбүз, өлкөбүз үчүн жакшы иштерди кылып, ийгиликтерди жаратып, коюлган максаттарга, милдеттерге жетише аларыбызды унутпайлы!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерге жаздын күнүндөй ачык маанай, өзүңүздөргө, үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, токчулук, аманчылык, эмгегиңиздерге албан ийгиликтерди  каалайм!

 

СДПК парламенттик фракциясынын

лидери И. Ш. Омуркулов