Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктоосу

Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору!

Урматтуу мекендештер!

    Мен Сиздерди сүйүктүү борбор калаабыз Бишкектин Күнү менен СДПК фракциясынын депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан куттуктайм!

    Бишкек шаарынын Күнү – бишкектиктердин эле эмес, жалпы кыргызстандыктардын майрамы. Анткени, Бишкек өлкөбүздүн жүзү,  экономикалык, маданий, руханий борбору,  улутубуздун сыймыгы.

    Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы экономикалык каатчылык, өткөөл мезгил Бишкек шаарынын өсүп өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбей койгон жок. Шаардын инфраструктурасы, облиги стагнациялык абалга кептелди. Бирок өлкө экономикасынын бакубаттануусу менен борбор шаарыбыздын инфраструктурасы акырындап  оңдолууга багыт алды. Бүгүн Бишкек заманбап шаарга айланып, маданий, эс алуучу жайлар, соода борборлору, асман тиреген үйлөр курулуп, мезгил агымы менен тең жарыша өнүгүп жаткан шаарга айланды. Өзүнө 1 млн.дон ашык адамды батырып, көптөгөн улут өкүлдөрү  ынтымак-ырашкерликте жашап келаткан Бишкек бүгүн чет элдик эс алуучуларды, туристтерди кызыктырган шаарга  айланды.

    Учурда  бийликтин, биздин  алдыбызда Бишкекти өнүктүрүү багытында чоң милдет, максаттар турат. Ал – Бишкекти кооз, коопсуз, ыңгайлуу, өнүккөн шаарга айландыруу. Бишкегибиз инвесторлорду тартууга, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу, толеранттуулуктун, жогорку маданият, адабияттын очогуна айланган шаар болушу керек.

Урматтуу мекендештер!

    Борбор шаарыбызды өнүгүүсү, келечеги бийликтен эле көз каранды эмес. Ага Кыргызстандын ар бир жараны өз салымын кошуп, Бишкектин эртеңи, келечеги үйүн күйүшү керек. Ар бирибиз Бишкегибизге өз үйүбүздөй, өлөң төшөгүбүздөй мамиле кылганда гана борбор калаабыздын келечеги кең болуп, өнүккөн, таза, кооз шаарга айланат. Андыктан мен ар бириңиздерди Бишкегибизге аяр мамиле кылып, аны  көздүн карегиндей сактоого чакырам.

    Борбор калаанын күнү менен Сиздерди дагы бир жолу куттуктап, ар бириңиздерге чың ден-соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Жергебизде тынчтык, байгерчилик орун алып, өлкөбүздүн өрүшү өссүн!

 

СДПК парламенттик фракциясынын

лидери  И. Ш. Омуркулов