Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКчы депутаттар IRI, NDI жана WFD менен аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкууга алышты

    СДПК фракциясынын депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Эльвира Сурабалдиева жана Евгения Строкова бүгүн, 27-апрелде Эл аралык республикалык институту,  Улуттук демократия институту, Вестминстердик демократия фонду, Монголиянын мурдагы маданият, туризм жана спорт министри,  Монголиянын парламентинин экс-депутаты Оюнгерела Тседевдамба менен жолугушту.

    Жолугушууда өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушундагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнүндө сөз болду. Ошондой эле аялдардын саясатка аралашуусуна болгон тоскоолдуктарды жоюу, аял депутаттардын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.

    Өз сөзүндө аял-депутаттар Форумунун төрайымы Эльвира Сурабалдиева өткөн чакырылыштагы аял депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорунун натыйжасында 6-чакырылыштагы парламентке аялдар көп шайланып келишкенин белгиледи. «Биз аялдарды социалдык жактан коргоону күчөтөлү деп жатабыз. Алсак, «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип, кабыл алынды. Бул үчүн кесиптештериме ыраазычылык билдирем, анткени, алардын колдоосу, бекем позициясынын аркасында  мыйзам долбоорун кабыл ала  алдык. Аял депутаттардын аракеттеринин натыйжасында нике тууралуу мыйзам кабыл алынып, социалдык блоктогу башка актуалдуу мыйзамдар даярдалууда», - деди Э. Сурабалдиева.

    Эл өкүлү Айнура Осмонова өзүнүн сөзүндө бийликтин борбордук институттары менен аймактардын диалогун бекемдөө, өнүктүрүү маселесине басым жасады. Анын айтымында, аймкактарга бат-баттан чыгып, активист-аялдар менен жолугушууларды өткөрүп, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү чечүү зарыл.

    Айнура Алтыбаева Кыргызстандын парламенттик демократияга багыт алганына аз гана убакыт болгонун белгилеп, парламенттик башкаруу системасындагы мамлекеттердин баары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.  Мындан сырткары, эл өкүлү Кыргызстандын аялдары үчүн тренинг, семинарларды уюштуруп, анда лидердик сапаттарды өстүрүү, гендердик көйгөйлөрдү маселелерин талкууга алууну сунуш кылды.

    Ал эми Монголиянын мурдагы маданият, туризм жана спорт министри, экс-депутат Оюнгерела Тседевдамба Монголиянын саясатындагы аялардын ролу, парламентаризмдин өнүгүүсү тууралуу айтып берди. «Кыргызстандын азыркы окшош абал Монголияда 4-5 жыл мурда болгон. Анда парламенттин аялдары тайпа түзүшүп, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барууга багыт алышкан болчу. Аталган тайпанын ишинен коомчулук аялдардын ролун көрүшүп, аялдарды депутат кылып шайлашып жаңылбагандыктарына ынана алышкан», - деди Оюнгерела Тседевдамба. Муну айтуу менен ал Кыргызстан да бул багытта жакшы ийгиликтерге жетишип жатканын кошумчалады.

    Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну бекемдөөнү макулдашышты. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аялдардын укуктарын коргоо, Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрүү жаатында эксперттик колдоолорун көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

 

Фотогалерея