Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Башкысы, өлкөдө социалдык, экономикалык стабилдүүлүк болду

    Бул тууралуу башкы СДПКчы Иса Омуркулов өкмөттүн Жогорку Кеңеште берген отчетунун жүрүшүндө айтты.

    Анда СДПКчылардын лидери өкмөттүн отчетун угууда өлкөдөгү бардык көйгөйлүү, курч маселелер айтылып, бардык суроолорго жооптор алынганын, ар бир депутат  өкмөттүн иши боюнча ой, пикирлери менен бөлүшө алганын белгиледи. «Жалпы алганда, өлкөдө социалдык, экономикалык стабилдүүлүк болду. Өкмөт менен Улуттук банк жакшы иштегендигинин натыйжасында улуттук валютанын туруктуулугу сакталды. ЕАЭбге кирүү менен экономинын өнүгүүсүн камсыз кылуу оңойго турган жок», - деди И. Омуркулов.

    Ал ошондой эле өкмөттүн алдында аткарчу көптөгөн милдеттер, маселелер турганын белгиледи. Атап айтканда, жеңилдетилген кредиттерди берүүнүн көлөмүн көбөйтүү зарыл, «Таза суу» программасына кошумча каражаттарды таап,  башталган капиталдык курулуштарды аягына чыгаруу кажет.

    Мындан сырткары, мамлекеттин карамагындагы 1 миңден ашык ишканаларды кармоонун зарылчылыгы жоктугун айтты. Анткени,  алардын саналуусу гана бюджетке киреше бербесе, калганы иштебей турат. Мисалы, өткөн жылы бул ишканалардан болгону 488 млн. сом гана киреше болгон. И. Омуркулов ал ишканаларда коррупциялык башаламандыктар болгонун, ал азыр да уланып жатканын, ошол себептен мамлекеттин менчигиндеги ишканалардын пайда болбой жатканын айтты.

    Өз сөзүндө И. Омуркулов өкмөттү сынга албай койгон жок. Алсак, унду байытууга байланышкан мыйзам долбоору өкмөттүн Токтом чыгарбагандыгынан улам иштебей тургандыгын билдирип, өкмөттү бул маселе үстүндө иш алып барууга чакырып өттү.

СДПК парламенттик  фракциясынын катчылыгы