Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутат Бишкек-Кара-Балта жолунун курулуусу боюнча маселе көтөрдү

    Бүгүн, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда өкмөт мүчөлөрү отчет берип жатат. Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутат Кожобек Рыспаев «Бизде суунун көлөмү жакшы эле болуп жатат. Эмне үчүн электр энергиясын импорттоп жатабыз?» — деп суроо салды.

    Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет дейт, биз дагы сууну үнөмдөөгө аракет кылдык. Бирок азыр импортту токтотконбуз» — деп жооп берди.

    «Бишкек-Кара-Балта жолу 9-чакырымдан башталат дедиңер эле, эмне үчүн 15-чакырымдан баштап жатасыңар?» — деп суроо салды Рыспаев.

    Транспорт жана жолдор министри жол толугу менен жасалаарын айтты. Сооронбай Жээнбеков болсо бул жол саясатташып кеткенин айтып, баарын көзөмөлгө алганын айтты.

www.teznews.kg