Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

«Дыйкан» базарынын жабылуусуна кайсы депутат кызыкдар болууда?

    Бүгүн, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда өкмөттүн отчету каралып жатат. Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин жолдорунун абалы начар экендигин билдирди.

    «Турмуш оңолгондо жол оңолот дейт. Бирок турмушубуз оңолгону менен жолубуз жоголуп жатат» — деди депутат.

    Эл өкүлү «Дыйкан» базарынын көчүрүлүшү боюнча да пикирин айтып, Өмүрбек Бабановго тийишип өттү.

    «Ал жерде 3 эле кишинин кызыкчылыгы болуп жатат. 2004-жылы курулган базарды 2010-жылы курулган автобаза кууп чыгып жатпайбы? Аким болсо 200 милиция кызматкери менен барып элди коркутуптур. Эмне депутаттын бизнеси болсо эле элдин укугун буза берүү керекпи? Соодагерлер 4%дан насыя алган эмес, 36%дан алышкан, алар ошол базардан эптеп жан багып жатышат» — деди Момбеков.

www.teznews.kg