Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Жураев: «Коопсуз шаар» долбоору айып пулдар үчүн эмес, адам өмүрлөрү үчүн иштеши керек

    Жогорку Кеңештин транспорт комитетинин бүгүнкү жыйынында өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугу жана Бишкек, Ош шаарларында видеокөзөмөл программалык-аппараттык комплексти, фото жана видеотартууну киргизүү жөнүндө маалымат угулду.

    Анда СДПКчы депутат Сайдолимжон Журраев «Коопсуз шаар» долбоору эң биринчи кезекте айып пулдардын түшүүсүн көбөйтүп, бюджетке киреше түшүрүү үчүн эмес, жол кырсыктарын алдын-алуу, болтурбоо, авто унаа кырсыктарынан адам өмүрлөрүнүн азаюусу үчүн иштеши керектигин белгиледи.

    Ошондой эле депутат орнотулган кидео камералар кандай жол эрежесин бузууларга көзөмөл кыларына кызыкты. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жол кыймылында болгон бардык эреже, мыйзам бузууларды сүрөткө тартып алып турарын билдирди. Мындан сырткары, эл өкүлү авто унаа кырсыктарынын себептеринин статистикасына кызыкты. Жол коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов бул боюнча маалымат берди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын 86 %ы айдоочулардын күнөөсүнөн болсо, булардын 42 %ы ылдамдыкты жогорулатуудан, 20 %ы жол кесилиштеринен туура эмес өтүү, туура эмес маневр жасоодон, 14 %ы каршы жол тилкесине чыгуудан, 8 %ы авто унааны мас  абалында башкаруудан улам болот.

    Депутат ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдү  алуу оңой болуп калганына да токтолду. «Мурда, Союз кезинде эл ташуу үчүн айдоочуга белгилүү стаж талап кылынчу. Азыр айдоочулук күбөлүктү бүгүн алып, эртеси эл ташып жүрүшөт. Ошондуктан жүргүнчүлөрдү ташыган техникаларга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Коомдук транспорттун айдоочуларынын мас, мас эместиги күн сайын текшерилип, айдоочулук стаждарына да көңүл бурулушу кажет. Ошондо жол кырсыктарын алдын алууга мүмкүн болот», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы