Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Өкмөт башчынын отчетун жокко чыгарганы жатасыңар!

    Жогорку Кеңештин транпсорт боюнча  комитетинин бүгүнкү жыйынында комитеттин төрагасы Марат Аманкулов транспорт министрлигинин жетекчилигин даярдыксыз келип,  жолдордун абалына байланышкан жөнөкөй суроолорго жооп бере албай жатканы үчүн сынга алды.

    «Биз силерди комитеттин жыйынына 4-апрелде чакырганбыз. Депутаттардын эң жөнөкөй суроолоруна жооп бере албай жатасыңар. Бүгүнкү берилип жаткан суроолор учурдагы эң актуалдуу, көйгөйлүү маселелерден. Же силер жоопторду билбейсиңер, аткаруучулар башка болсо керек, же силер бир нерсени жаап-жашырып атасыңар. Ушундай ой жаралууда. Силердин бүгүнкү так эмес, ыргылжың жообуңар андан бетер көптөгөн суроолорду жаратып, нааразылыктарды жаратууда. Муну менен силер өкмөт башчынын отчетун жокко чыгарганы жатасыңар!», - деген Марат Аманкулов министрликтин жетекчилеринин жоопкерчиликтерин карап, маселени өкмөт башчынын алдынан кабыргасынан коюу зарылдыгын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы