Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаар» долбоорун сынга алды

    Жогорку Кеңештин транспорт боюнча комитеттин 25-апрелдеги жыйынында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча маселе каралып, анда СДПКчы депутат Рыскелди Момбеков аталган долбоордун ишке ашырылбай жатканын сынга алды.

    «Министрдин орун басары айтты, «Акылдуу шаар» деген долбоорду параллелдүү түрдө ишке ашырууну карап жатабыз деп. Ушу ат койгондон абайласаңар. Мисалы, «Акылдуу эсептегичтин» баары акылынан адашып калбадыбы! «Акылдуу шаар» дебей эле «Кынтыксыз жол», «Кырсыксыз шаар» десеңер болбойт беле!», - деди эл өкүлү.

    Ошондой эле депутат «Коопсуз шаар» долбоору аныгында бизнес экенин айтып, ошол үчүн ишке ашырылбай, создуктурулуп жатканын белгиледи. «Коррупциянын эң котуру – анын чотуру. Аны элдин баары билет, көрүп атат. Ушуну мамлекет өз колуна алып, «Коопсуз шаарды»  кор кылбай, зор кылса болмок. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан акча алып, өзүбүздүн ишканалар эле ишке ашыра алат болчу.  Фонддон 1-2 млн. доллар алып, «Кыргызтелеком» ишканасына берсе, долбоор аягына чыгарылмак. Соттордун чечимин, тендерди күтүп эмне кылабыз? «Акылдуу шаардын» эмне кереги бар? Болбосо, Бишкектин жолдору үчүн уялып бүттүк, канча деген кырсыктар болуп атат, жолдо жүрүү коопсуз болуп баратат. Ошол үчүн комитет өзүнө жоопкерчиликти алып, тарыхый чечим менен «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну өкмөткө тапшырып беришибиз керек», - деди Рыскелди Момбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы