Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Буларды Сирияга жөнөтүш керек, анткени эч нерседен коркушпайт

    Мындай пикирин депутат транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча агенттиктин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анда жалпы пайдалануудагы авто унаа жолдорунун абалы жана кээ бир тарификацияланган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

    Комитеттин мүчөлөрү жолдорду куруу, оңдоп-түзөө маселелери боюнча  транспорт министрлигин катуу сынга алышты. Эл өкүлү Р. Момбеков министрлик башынан аягына чейин коррупцияга малынып бүткөнүн, ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтты. «Транспорт министрлерин Сирияга жөнөтүш керек, анткени алар камикадзелер, эч нерседен коркушпайт. Эки-министрлер А. Малабаевге, З. Айдаровго ж.б. кылмыш иштери козголду, башкалары качып жүрөт. Бирок бири да жоопкерчиликке тартылган жок. Азыр транспорт министри кызматы үчүн сынак өткөрсөңөр, жүз адам талапкер болот. Себеби, 5 млн. долларды кымырса, анын 1 млн. долларын сотко берип, кутулуп кетишет. Кайсыл министр келбесин коррупцияга малынып, натыйжада жолдордун тамтыгы чыгып бүттү», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы