Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов: Атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алган мыйзам толук кандуу иштебей жатат

    Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 24-апрелдеги жыйынында айтты. Анда биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу маалымат берди.

    Анда депутат  жылына 40 млрд. сомдон ашык мамлекеттик сатып алууларда атамекендик өндүрүшчөлөрдүн үлүшү канча экенине, бул боюнча анализ бар, жоктугуна  кызыкты. Бирок каржы министрлиги буга так жооп бере алган жок. Ошондон улам эл өкүлү мамлекеттик сатып алууларда инвестициялык чоң ресурс жаткандыгын, муну менен атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо мүмкүн экенин билдирди. «Бул боюнча анализ болушу зарыл. Бул акчанын канчасы сыртка кетип, канчасы өзүбүздүн ишкерлерде калып жатканын билишибиз керек. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамда атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоосун караган берене бар. Бирок бул берене толук кандуу иштебейт. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттик сатып алуулардын биринде да өзүбүздүн ишкерлерге артыкчылык берилбейт, жеңилдиктер каралган эмес. Ушул мыйзам толук кандуу иштеп, биздин өндүрүшчүлөр мамлекеттин колдоосун сезиши керек», - деди У. Примов.

    Мухаммедкалый Абулгазиев бул маселе өкмөттө талкууланганын, депутаттын айткандары эске алынарына ишендирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы