Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев: Кээ бир жерлерде гана өнүгүү болуп, дотациядагы аймактарда өнүгүү болбой жатат

    Мындай пикирин Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаты Дастан Бекешев бүгүнкү бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты. Анда биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөттүн 2016-жылдагы иши жөнүндөгү маалымат менен тааныштырды.

    Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда негизинен өнүгүү Бишкекте, Чүйдө, Кумтөр кени иштеген аймакта гана өнүгүү болуп, калган жерде эч кандай өнүгүү жок. «Мында диспропорция болуп жатат. Салыктык, фискалдык реформалар  ишке ашырылууда, ЕАЭБге кирдик, бирок активдешүү айрым аймактарда гана байкалууда. Дотацияда турган аймактарда өнүгүү, өсүш болбой жатат. Ошондуктан экономиканы өнүктүрүү маселесинде ушул жагдайларга көңүл буруу керек», - деди депутат.

    Мындан сырткары, эл өкүлү туристтик жагымдуулук индексинде Кыргызстан 136 мамлекеттин ичинде 115-орунду ээлегенин айтты. «Бул биз үчүн бетке чапкандай  көрсөткүч. Эмне үчүн бул орунда жүрөбүз? Көрсө, индекстин ичинде өзүнчө бааланган параметрлер бар экен. Мисалы, жол коопсуздугу, келген эс алуучулардын жеке коопсуздуктары, инфраструктура. Жөнөкөй дааратканалар бизде көйгөйгө айланган. Андан соң таштанды маселеси. Ысык-Көлдөгү туристтик зоналарда таштандылардын кандай абалда экенин билебиз.  Туристтик климатты жакшыртып, эс алуучуларды тарталы десек, бул багытта өкмөт, ар бир айыл өкмөт иш алып барышы керек. Болбосо, туризм тармагын эч качан  өнүктүрө албайбыз», - деди Д. Бекешев.

    Буларга кошумча депутат көк бөрү ж.б. улуттук оюндарды эл аралык деңгээлде өткөрүп, аны көрүүгө чет элдик жарандарды чакыруу керектигин айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы