Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Гүлкан Молдобекова жаңы бала бакчанын ачылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 21-апрелде Ыссык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы Осмон Лайлиев атындагы мектептин базасында жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болду. Ага ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты, социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова да катышты.

 

    Белгилей кетсек, аталган  мектептин имаратынын бир тарабына бала бакча ачуу өтүнүчү менен мугалимдер, айылдын жашоочулары  СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловго кайрылып, ал элдин сунушун колдоого алып, аны ишке ашырууга  каржы жагынан да колдоо көрсөткөн. Бала бакча 50 балага  ылайыкталып, анда балдардын ойноосу, тамактануусу, уктоосу үчүн бөлмөлөр жасалгаланып, бала бакчага зарыл бардык шарттар түзүлгөн.

    Ачылыш аземде сүйлөгүн сөзүндө эл өкүлү Гүлкан Молдобекова бала бакчанын ачылып жатканы айылдыктар үчүн зор окуя болуп атканын белгиледи. «Бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышып жатканыма аябай кубанычтамын. Өзүңөр билесиңер, сапаттуу билим, илим алуунун башаты болуп бала бакчалар эсептелет. Баары бала бакчадан башталат. Ошондуктан Кең-Булуң  айылынын эли үчүн бүгүнкү окуянын мааниси чоң. Мамлекетибиз акыркы учурларда билим берүүнү реформалоого, билим берүүнү  сапаттык деңгээлге көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруп, мектептерди, бала-бакчаларды курууну колго алууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1524 бала бакча бар. Аларда 188 585 бала наристелер тарбияланып жатат. Бирок ошого карабай бала бакчалар дале жетишсиз. Бул үчүн мамлекет наристелердин тарбиясына да чоң көңүл бурууда. Балдар биздин келечегибиз. Бул бала бакчанын ачылышында Осмон Лайлиев атындагы мектептин эмгек жамаатынын аракети, кошкон салымдары чоң болду. Келечекте бул бала бакчадан мыкты инсандар, кыргыз элине, жерине кызмат кылчу улан, кыздар тарбияланып чыгышсын», деген эл өкүлү кең-булуңдуктарды бала бакча менен кызуу куттуктап, мектептин, бала-бакчанын эмгек жамаатынын ишине ийгиликтерди каалап өттү.

Өз кезегинде мектептин директору Б. Чекиев айылдын элинин сунушун колдоого алып, ар тараптуу колдоо көрсөткөнү үчүн СДПК фракциясына, анын лидери И. Омуркуловго, ачылыш салтанатына катышып бергени үчүн Г. Молдобековага ыраазычылык билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея