Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мамлекеттик сатып алууларда баасына эмес, сапатына көңүл бурулушу зарыл

    Мындай пикирлерин СДПКчы депутаттар Улан Примов менен Кожобек Рыспаев фракциянын жыйынында билдиришти. Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  17-мартындагы № 170 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

    Талкуу маалында эл өкүлү Улан Примов мамлекеттик сатып алууда атаандаштык, жеңилдиктер каралганы менен сапатка такыр көңүл бурулбай жатканын айтты. Ушундай эле сапат маселеси эске алынбай жатканын депутат Кожобек Рыспаев да айтып, сапатына карап сатып алууларды жүргүзсө, укук коргоо органдары баса калышарын билдирди. Анын айтымында, баасынын төмөндүгүнө кароонун натыйжасында миллиондогон акчалар абага чачкандай жок болуп, кылынган иштердин, сатып алуулардын натыйжалуулугу жок болууда. Ал мыйзам долбоорунда сатып алуулардын сапаты жөнүндө бир сөз жоктугун сынга алып, ушуга байланыштуу кошумча, түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

    Ал эми депутат Евгения Строкова мыйзам долбоору өзү коррупциялык экенин айтты. Анткени, баасына карашса, сапаты каралбаганын айтышат, сапатына карашса, баасынын жогору экенин бетке кармашат. Арканды каякка тартсаң да укук коргоо органдарына жем таштала берет.  Эл өкүлү буларды айтуу менен комиссиянын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн да киргизүүнүн  зарылчылыгы бардыгын билдирди. Анын белгилөөсүндө, адамдардын аң-сезимдери өзгөрмөйүнчө, мамлекеттик сатып алууларда коррупциялык көрүнүштөр улана берет. Мындай шартта оптималдуу чечим кабыл алуу кажет.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы