Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абтандил Кулбараков: Азыр мектептерге балдарды акчасыз киргизүүгө мүмкүн болбой калды

    Мындай пикирин эл өкүлү СДПК фракциясынын 21-апрелдеги жыйынында айтты. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Нурбаев, К.Керезбеков, Е.Строкова, Н.Никитенко, Д.Бекешев, А.Самигуллина, А.Осмонова тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

    Мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө депутат мектептер коррупцияланып бүткөнүн айтып, буга бөгөт коюу багытында иштердин жүргүзүлбөй жаткандыгын сынга алды. «Жашырганда эмне, азыр мектептерге 1-класска балдарды киргизүү ата-энелер үчүн кыйын болуп калды. Ал эми аты, макамы бар мектептерге  акча бермейинче балдарыңды киргизе албайсың. Акчасы жоктор  балдарын андай мектептерге бере албайт. Акчасы жок ата-энелердин балдары андай мындай мектептерди окубай калышы керекпи? Коррупция мене күрөшүү эле дейбиз, бирок өкүнүчтүүсү, балдар 1-класска киргенден тартып коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп жатышат. Коррупция мектептен башталууда.  Бул көйгөй тууралуу канча жолу айтылып, жазылып эле келатат. Бирок силердин кылган ишиңер көрүнбөйт», - деген депутат билим берүү министрлигине бул боюнча иштерди алып барып, мектептеги коррупцияны токтотууга  чакырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы