Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева кыздар футболуна арналган иш-чарага катышты

    Жогорку Кеңештин СДПК парламенттик фракциясынын депутаты Аида Касымалиева «Аялдардын спорту гендердик теңсиздик, экстремизм, онкологиялык оорулар, үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүүнүн инструменти катары» темасындагы иш-чарага катышты. "Football  Ladies dinner" иш-чарасына  Азия Футбол Федерациясынын (AFC) аракеттеги мүчөсү Моя Додд, Эл аралык футбол федерациясынын  консулдугуна талапкери, бизнес-ассоциациялардын,  эл аралык уюмдардын жетекчилери, КРнын искусство чеберлери катышты.

    «Мен аялдар футболу аркылуу көп нерсеге жетишүүгө мүмкүн экенине ишенем. Өзүнө ишенүүчүлүккө, кайраттуулукка, теңдикке, саламаттыкка, сулуулукка, чоң футболго жолдомого жана ийгилик, тилектештикке жетүүгө болот», - деди Аида Касымалиева өз сөзүндө.

    Иш-чарага ошондой эле тенор  Жеңишбек Ысманов, «Бишкек-сити» оркестри, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын опера ырчылары Марат Ибраев менен Эльнура Самарбекова, КРнын эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиевдин жетекчилигиндеги  «Манас» Президенттик камералык оркестринин резиденттери катышты. Коноктор кыздардын улуттук футбол курама командасынын флеш-мобдоруна күбө болушуп, «КР аялдар футбол Федерациясынын» презентациясы менен тааныша алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея