Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев: Абакта иштегендердин тамагына бөлүнчү акча аз экенин айтты

    Бүгүн, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунун «Ар кандай маселелер» бөлүгүндө КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев түрмөдө отургандарга караганда ал жерде иштеген кызматкерлердин тамагына аз акча бөлүнөөрүн айтты.

    «Депутаттардын атынан, анын ичинде менин да атыма көптөгөн каттар келүүдө. Аларжын бирин айтып берейин, түрмөдө отургандарга караганда ал жерде иштегендердин тамагына аз акча бөлүнөт экен. Деги эле бала бакчалар менен түрмөдө иштеген кызматкерлерге күнүнө канча акча бөлүнөт?» — деп суроо салды эл өкүлү.

    Рыспаев андан сырткары Бишкек-Кара-Балта жолунун абалы тууралуу айтып, «Бишкек-Кара-Балта жолу болбой эле Сокулук-Кара-Балта жолу болуп калды. Проектиде башкача жазылган болчу, эмне үчүн ал өзгөрүп кетти?» — дейт Рыспаев.

www.teznews.kg