Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Канат Керезбеков: Жаштар саясаты боюнча жол картасын түзүү зарыл

    Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-апрелдеги жыйынында айтты. «Мен жаштар саясаты боюнча маселе көтөрөйүн дегем. Баарыбыз билебиз, азыр өспүрүмдөр, жаштар интернетти көп колдонушат. Атүгүл жаштар вертуалдык дүйнөдө жашап калышты. Бул чоң көйгөй. Ошол үчүн муну биргеликте чечишибиз керек. Ооба, бул ата-энелер, мугалимдер, ИИМ тарабынан ар кандай иштер жүргүзүлүп келүүдө. Бирок ал жетишсиз. Жаштар саясаты боюнча агенттик да иш алып барат. 2009-жылы кабыл алынган жаштар саясатына байланыштуу мыйзам да бар. Учурда концепция иштелип, даярдалууда.  Ошондуктан менин сунушум, мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү келишсе, алар менен ийри отуруп, түз кеңешип дегендей жаштар саясаты боюнча жол картасын иштеп чыксак. Ага мен жакындан катышып, мындай документти даярдоого өзүмдүн ой, пикир, сунуштарымды айтууга даярмын. Ушул маселени өкмөт колго алып, ишти башташыбыз керек», - деди депутат Канат Керезбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы