Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев: Эненин 7 баласынын бири соттолсо, ага «Баатыр эне» ордени берилбей жатат

    Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев 7 балалуу эненин бир баласы камалып чыкса, «Баатыр эне» наамы берилбей тургандыгын айтып нааразы болду.

    «Биз буга чейин мыйзам карап, 7 баланын 1 баласы камалып чыкса, «Баатыр эне» ордени берилбей жаткандыгын карадык эле. Биз караган мыйзам өтпөй калган. Азыр ошолор эмне болуп жатат» — деп өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнөн сурады.

    ЖКдагы өкмөттүн өкүлү жаңы мыйзам каралып жатканын, ошол мыйзамда»Баатыр эне» орденибоюнча бардык маселелер чечилээрин айтты.

www.teznews.kg