Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев: Улуттук энергохолдингдин жетекчисине нааразы болду

    Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышында КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев  ГЭСтерде суунун көлөмү көп болуп жатса өкмөт электр энергияны экспорт кылгандын ордуна импорттоп жатканына нааразы экенин айтты.

    “Былтыр суунун көлөмү көп болду, бирок биз электр энергияны импорттодук. Өзүбүздө жетиштүү болсо, эмнеге коңшу мамлекеттерден сатып алдык» — деп суроо салды. Ага Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев суунун мынчалык көп болоорун билбей, электр энергиясын импорттоп алышканын айтты.

    Эл өкүлү ЖЭБдердеги (ТЭЦ) уулуу көмүрдүн сакталып тургандыгына нааразылыгын билдирип, аны жок кылуу керектгин, же болбосо жагып пайдалануу керектигин айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы