Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абтандил Кулбараков жаштарды ыйманга, адепке чакырды

    14-апрелде Нарын шаарындагы М. Сыдыков атындагы №7  мектепте “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналган семинар болуп өттү.

    Аталган  семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков,  профессор, филология илимдеринин доктору, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев, Нарын облусундагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Нарын мамлекеттик университетинин  өкүлдөрү жана башка эл агартуу тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты. Семинардын жүрүшүндө жаштарды туура жолдо тарбиялоого, ыйманга, ынтымакка, элин жерин сүйүүгө чакырууга багытталган баяндамалар  окулуп, бул багытта жасалып жаткан иштер тууралуу жана алардын жыйынтыгы  боюнча сөздөр айтылды. Бул иш-чараны уюштуруп өткөрүп, келечек муундарды тарбиялоого, жакшы касиеттерди жайылтууга кошкон салымдары үчүн депутат Абтандил Кулбараковго жана профессор Советбек  Байгазиевге семинардын катышуучулары ыраазычылыктарын билдиришип, депутаттык жана окумуштуулук ишмердиктерине ийгиликтерди каалашты.

    Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил  Кулбараков иш-чарада сөз алып  сүйлөп, анда быйылкы 2017-жылдын  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялануусун  колдоп, бул багытта өлкөбүздө жасалып жаткан иш-чараларга өз салымын кошуу максатында С. Байгазиевдин акылман  Бакай жана атактуу Кошой баатыр жөнүндө эки китебинин  1 000 даанасын Нарын облусунун ар бир районуна бекер белек кыларын билдирди.  Китептердин тарбиялык маанисин, кыргыз элинин илгертеден сакталып келе жаткан жакшы касиеттерин, аларды мындан ары өнүктүрүп келечек муундарга өткөрүп берүү зарылчылыгын баса белгилеп өттү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея