Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Эркелеп кеткен министр эртелеп кетет» — дейт, эркелеп кеттиңер…

    Бүгүн, Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2016-жылда аткарган иштери боюнча коалициялык көпчүлүккө отчет берип жатат. Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өкмөткө элдин ишеними жогору экенин айтты.

    «Кыргызда кой аксагы менен жүз деген кеп  бар, өкмөт да аксагы менен жүз болуп жатат. Абдувахаб иним чет тилин айтты, мен Манастын тилин айтайынчы, кыргыз тилинин абалы кандай?» — деп суроо салды.

    Билим берүү министри учурда мектептерде кыргыз тили сабагы көбөйтүлүп жатканын айтты.

    Эл өкүлү учурда мамлекеттик мекемелерде кагаздар 90% расмий тилде болуп жатканын билдирди.

    Өкмөт башчы жакында атайын жыйын өткөрүп, кыргыз тилин начар колдонгон мамлекеттик мекемелерден баштап чара көрүлөөрүн билдирди.

    «Ашуудан берген отчетуңарды кабыл алалы, бирок «Эркелеп кеткен министр эртелеп кетет» — дейт, эркелеп кеттиңер» — деди.

www.teznews.kg