Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мурадыл Мадеминов: Өкмөт жакшы иштерди жасады, аны элге жеткирүү керек

    Депутат Мурадыл Мадеминов өкмөттүн ишин мактап, жасалып жаткан жакшы иштерди элге жеткирүү керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал көпчүлүк коалициянын өкмөттүн отчетун угуу учурунда айтты.                               

    Мурадыл Мадеминов жакында президенттик шайлоо болоорун эскертип: «Оппозиция өкүлдөрүнүн максаты эптеп бийликке келүү, алар жакшы иштер болуп жатса да баары жаман дешет. Андай саясатчылар азыр атка минип алып жер-жерлерди кыдырып башташат», — деди депутат. 

www.teznews.kg