Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКчы депутаттар өкмөттүн 2016-жылдагы ишине баа беришти

    Бүгүн, 17-апрелде парламенттик көпчүлүк коалициянын депутаттары өкмөттүн 2016-жылдагы иши жөнүндө маалыматты угушту.

    КР өкмөт башчысыСооронбай Жээнбеков белгилеп өткөндөй, өкмөт өз ишин «Ишеним жана биримдик» Программасынын алкагында 90 %га аткарышты. Анын айтымында, 2016-жылдагы өкмөттүн башкы милдети экономикалык өсүштүн динамикасын кармоо болду. «2016-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын көлөмү 458 млрд. сомду түздү, реалдуу өсүш 103,8 %ды түздү. 2016-жылдагы инфляциянын деңгээли 100,4 %лы түздү, бул ЕАЭБдеги эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат», - деди С. Жээнбеков. 

    Жыйындын жүрүшүндө СДПКчы депутат Евгения Строкова кесиптештерин өкмөттүн ишин колдоого алууга чакырып, бийликтин аткаруу бутагынын ишинде алешемдиктер бардыгын, ошондой эле өкмөт менен парламенттин кызматташтыгы жетишсиз болуп жатканын айтты.

    «Жогорку Кеңештин жумушчу тобунун жыйынтыгын өтүнүч катары баалоого болбойт, анткени, анда эксперттердин катышуусундагы терең анализ жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө парламент мыйзам чыгаруучулук эле эмес, көзөмөлдөөчү да функцияны аткарат», - деди эл өкүлү. Мындан сырткары, ал социалдык блоктогу коррупция менен күрөшүүнүн  төмөнкү деңгээли тууралуу сөз кылды. «КУУнун коррупцияланышкан ректору Адамкуловалардай кадрларды бир кызматтан кетирип, башкасына дайындоо көрүнүштөрү улана берчү болсо, анда билим берүү тармагына жаназа  окуп калышыбыз ыктымал», - деди депутат.

    Депутат Дастан Бекешев өкмөттүн  мүмкүнчүлүгү чектелгендерге колдоо көрсөтүү жаатындагы ишмердигин оң баалады. «Ошол эле кезде көйгөйлүү маселелерди айтканды да унутпайлы. Мисалы, Кыргызстандын эл аралык рейтинги ойлондурбайт койбойт. Алсак, Кыргызстан глобалдык атаандаштык индексинде 111-орунда болсо, туризмди өнүктүрүү индексинде 115-орунду ээледи. Эл аралык көчмөндөр оюнун өткөрдүк, бирок туристтерди тартуудагы акыбал жакшырып кеткен жок», - дейт Д. Бекешев.

    Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттү билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл бурууга чакырып, жаңы билим берүү программаларын иштеп чыгуу зарылдыгын айтса, эл өкүлү Данияр Аттокуров айыл-чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи. Ошондой эле табият кырсыктарын алдын алуу, суу агызуучу дамба, каналдарды куруу керектигин айтты. Депутат Музаффар Исаков болсо авто унаа кырсыктарын азайтуу багытында кардиналдуу чараларды көрүүгө чакырды. Болбосо, адам өмүрлөрүн алган жол кырсыктарынын көрсөткүчү жогору бойдон кала берүүдө.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы