Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКчы депутаттар жалпы республикалык ишембиликке катышты

    Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаттары бүгүн, 15-апрелде  салт болуп калган жалпы республикалык ишембиликти колдоого алышып Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бактагы көчөт отургузуу иш-чарасына катышышты.

    Анда эл өкүлдөрү СДПК айлана-чөйрөнү коргоону, Бишкектин таза, жашыл шаар болушун жактай турганын билдиришип, шаарды жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга шаардыктарды чакырып өтүштү.

    Депутат Эльвира Сурабалдиева мындай иш-чаранын максаты – жаштарды мекенди сүйүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, ошондой эле башкалардын эмгектерин баалай билүүгө үйрөтүү экенин белгиледи. «Биз, жарандар шаарыбызды сүйүп, анын кооз болушу үчүн колдон келгенин жасашыбыз керек. Ошол үчүн биз мындай иш-чараларды колдоого алып, шаарга кооздук берчү көчөттөрдү отургузуп жатабыз», - деди Э. Сурабалдиева.

    Ал эми эл өкүлү О. Артыкбаев урбанизация, чарбалык иштер тилекке каршы, экосистемага эбегейсиз зыян келтирип жатканын айтып, экологиянын бүгүнкү коркунучтарына каршы туруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү экологиядагы чыңалууну азайтуу, табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн бирдиктүү саясат иштеп чыгышы зарыл.

    Жалпы алганда, депутаттар отургузулган көчөттөр жарандардын саламаттыгына пайдасын гана келтирбестен, өсүп келаткан муунду табиятка аяр мамиле кылууга тарбиялап, мекенчилдик сезимди өстүрүүгө түрткү берерин  белгилеп өтүштү.

СДПК парламенттик фракциянын катчылыгы

Фотогалерея