Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Жураев өкмөттү Кызыл-Кыянын суу маселесин чечүүгө чакырды

    СДПК фракциясынын депутаты Сайдолимжон Жураев Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында айрым айылдарды  суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

    Анын айтымында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларына таза суу маселесине байнанышкан көйгөй  жакындан тааныш. «Азыркы учурда Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу аябай курч турууда. Суу менен камсыз кылуу системасы ондогон жылдар бою оңдолуп, түздөлгөн эмес, капиталдык ремонтко муктаж болуп турат», - деди суу менен камсыз кылуу Департаментинин башчысына кайрылган эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы