Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Апрель революциясынын 7 жылдыгы Жумгалда!

    КР Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын депутаты Абтандил  Кулбараковдун демөөрчүлүгү менен Жумгал районунун Миң-Куш айылында 7-апрель Элдик революция күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

    Анда Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларга куран окутулуп, алардын жаркын элесине арналган спорттук оюндар өткөрүлдү. Айта кетсек, 2017-жылдын 5-6 апрелинде жаш өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлүп, бардык салмактардын жеңүүчүлөрүнө атайын даярдалган медаль жана грамоталар тапшырылды. Ал эми, 9-10 апрель күндөрү волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш болуп, ал мелдештин жеңүүчүлөрү дагы баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея