Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Бишкек-Кара-Балта жолунун бир бөлүгү сметага эмнеге кирбей калган?

    Мындай суроо менен  СДПКчы депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылды.

    Эл өкүлү белгилеп өткөндөй, Кыргызстандын жолдорун салууга, оңдоого акыркы 25 жылда 2,5 млрд. доллар каражат жумшалыптыр. «Бирок жолдордун абалың караңыздарчы! Тамтыгы калбай баратат. Бүгүн эртең менен Сокулук районунун депутаттары менен жолугуштум. Көрсө, Бишкек-Кара-Балта жолун салуу сметасына Бишкектен чыга бергендеги Ново-Павловка айылындагы жолдун бөлүгү кирбей калыптыр. Муну кандай түшүндүрүүгө болот?! Ал жол Бишкек-Кара-Балта жолунун бир бөлүгү болуп жатпайбы!  Мен муну акча кымыруунун, коррупциянын бир схемасы деп эсептейм. Ошондуктан өкмөт бул боюнча тиешелүү чараларды көрүп, эмнеге кирбей калганын аныктап, сметага киргизип,  ага жол берген жетекчилерди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуусун талап кылам», - деди депутат .

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы