Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева башталгыч класстардын «Азбука» окуу куралын сынга алды

    Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында СДПКчы депутат Айнуру Алтыбаева башталгыч класстардын окуучулары үчүн чыгарылган «Азбука» окуу куралын катуу сынга алды.

    Анда эл өкүлү белгилегендей, окуу куралынын башында «Биздин атамекенибиз Россия!» деген сыяктуу сүйлөмдөр жазылган. «Муну кандай түшүнүү керек? Мектеп курагында балдардын мекенчилдик, улуттук сезимдерин калыптандырып, атамекенин сүйүүгө, урматтоого үйрөтүү өтө маанилүү. Айрыкча мындай мекенчилдикке тарбиялоо иштери башталгыч класстарда башталат. Анткени, бул убакта балдардын дүйнөтаанымы калыптанат. Бирок «Азбука» окуу куралында «Атамекенибиз Россия» деп турса биздин балдар Кыргызстанды атамекени катары эсептешеби?Же  Россияны  атамекеним деп чоңоюшабы? Окуу куралын түзгөндөр эмнеге мындайга жол беришкен? Ошондуктан бул окуу куралы тезинен пайдалануудан чыгарылып, кайрадан иштелип чыгышы зарыл», - дейт Айнуру Алтыбаева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы