Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров: Тигүү кызматын көрсөткөндөр да патенттик системага өткөрүлүшү керек

    Мындай пикирин Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаты Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында айтты.  «Баарыбыз билебиз, бизде жеңил өнөр-жайдын локомотиви болуп тигүү тармагы эсептелинет.  Бул тармакта 100 миңдеген жарандарыбыз иштеп, үй-бүлөлөрүн багып, экономикабыздын өзүшүнө өз салымдарын кошуп жатышат.  2007-жылы А. Атамбаев өкмөт башчы болуп турганда, тигүү тармагы патенттик системага өткөрүлүп, көмүскөдөн чыгарылган болчу. Бирок тилекке каршы, бул системада иштегендердин баары эле көмүскөдөн чыккан жок. Текстиль жана тигүү кызматын көрсөткөндөр ыктыярдуу патенттик системада эмес. Ошондуктан өкмөттүн Токтомуна өзгөртүү киргизилип, патенттик системага өткөрүлүшү зарыл. Муну менен көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга мүмкүн болот. ЕАЭБдеги өлкөлөрдө да жеңил өнөр-жайы патенттик системада  иш жүргүзөт. Бизде да ошондой болушу кажет», - деди Т. Зулпукаров.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы