Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Улан Примов Дача-Суу айылынын жашоочуларына жардамдарды натыйжалуу бөлүштүрүү зарылдыгын айтты

    Бул маселени эл өкүлү Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында көтөрдү. «Депутаттарда көрсөтүлүп жаткан жардамдар боюнча маалымат жок. Бизге бир гана ӨКМдин эсебиндеги акчанын жана түрк тараптан берилген  компенсациянын өлчөмү белгилүү», - деди депутат.

    Депутат өкмөт бул багытта эч нерсе кылбай жатат дегенге болбостугун, бирок берилип жаткан жардамдар боюнча маалыматтардын жоктугун айтты. «Кайдыгер эмес жарандардын аракеттери менен ӨКМдин эсебинде акча чогулууда, ошондой эле Түркия тарап берген компенсациялык каражаттар жөнүндө билебиз. Башка маалымат жок. Ошондуктан урматтуу депутаттар, бул маселени күн тартибине киргизип, коомчулукка бул маселе тууралуу маалыматтарды жеткиришибиз керек. Мындан сырткары, Дача-Суу айылынын келечегине да көңүл буруу  зарыл. Анда жашагандардын эртеңи кандай болот деген суроого жооп табышыбыз керек», - деди У. Примов.

    Белгилей кетсек, ушул жылдын 16-январынын таңында Сокулук районунун Дача-Суу айылына Түркиялык авиа компаниянын жүк ташуучу учагы кулап түшкөн.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы