Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эльвира Сурабалдиева: Оштогу базарда иштегендердин укуктары бузулуп, рейдерлик көрүнүштөр болуп жатат

    Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева экономикалык жана фискалдык саясат боюнча профилдик комитеттин жыйынында айтты. Анда комитет мүчөлөрү «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

    Анда эл өкүлү экономика министри Арзыбек Кожошевге кайрылып, Ош шаарындагы унаа тетиктери  базарындагы башаламандык тууралуу сөз козгоп, анда ишкерлердин укуктары бузулуп жатканын, экономика министрлиги алардын уктуктарын коргоо чараларын көрбөй жатканын сынга алды. «Оштогу унаа тетиктер  базарында иштегендер мага үч ирет кайрылышты. Президентке, өкмөт башчыга да кайрылышты. Мен чара көрүү боюнча тиешелүү бардык инстанцияларга  кайрылып келатам. Бирок ишкерлердин укуктарынын бузулуусу токтобой жатат. Бир катар чиновниктер жер участогун сатып алышып, ал жерге соодагерлерди күчтөп көчүрүү аракеттерин кылышууда. Көчпөгөндөргө текшерүүлөрдү жүргүзүп, кысым, басымдарды көрсөтүп жатышат.  Ош мэриясы ал жерлердин мыйзамдык жактарын чечкен эмес. Мында жөн гана чак түштөгү рейдерлик басып алуу жүрүп жатат. Бакиевдин убагында болгон көрүнүш бүгүн да уланууда. Рейдерлик кылып жаткандардын арасында кримдүйнөнүн өкүлдөрү да жок эмес. Минтип укуктары тепселенип жаткан ишкерлерди коргой албасак, анда бизге бизнести коргоону жараналаган  мыйзам долбоорлорунун эмне кереги бар? Мыйзамдарда бизнести  коргогонубуз менен иш жүзүндө андай болбой жатпайбы! Сиз экономика министри катары ишкерлерди, бизнести коргой турган башкы адамсыз. Ошондуктан менин сизден өтүнүчүм, ушул маселени өз көзөмөлүңүзгө алып, жабыр тартып жаткан ишкерлердин укуктарын коргоп бериңиз. Мен ар бир жыйында бул маселени эсиңизге салып турам», - деди Э. Сурабалдиева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы