Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Осмонбек Артыкбаев мыйзам чыгаруу саясатындагы курактык чекти жокко чыгарууну сунуштады

    Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин жыйынында «КР Акыйкатчысы жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Талкуунун жүрүшүндө депутат Осмонбек Артыкбаев каралып жаткан мыйзам долбооруна өзүнүн  сунуштарын берди.

    Тагыраак айтканда, эл өкүлү эл аралык укук нормаларына ылайык, мамлекеттик кызматтарды ээлөөдө курактык босогону белгилөө адам укуктарын чектөө катары эсептелерин эске салып, мындай чектөөдөн баш тартууга чакырды.

    «Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 1-пункту  курактык чектөөнү киргизет. Эл аралык укукка ылайык, мамлекеттик кызматтарды ээлөөдө курактык чекти белгилөө адам укуктарын бузууга алып келет. Талапкердин натыйжалуу иштей алары, анын билими жана жөндөмү каралышы абзел. Биз прогрессивдүү жаштарды колдоп, улуу муундагылардын кеп-кеңештерин, тажрыйбаларын колдонууга тийишпиз. А бул норма ага каршы келет», - деди Осмонбек Артыкбаев.

    Талкуунун жыйынтыгы менен депутаттар мыйзам долбоорун 1-окууда колдоого алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы