Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Жураев: Жол куруу тармагында жемкорлук, өзүмбилемдик, башамаландык болуп жатат

    Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 11-апрелдеги жыйынында СДПКчы депутат Сайдолимжон Жураев өлкөдө курулуп жаткан жолдордун сапаты боюнча маселе козгоду.

    «Бизде өлкө башчысынын аракети менен жолдорду куруу, инфраструктураны жакшыртуу үчүн сырттан  кредиттик каражаттар алынып жатат. Бирок өкүнүчтүүсү, ал акчалардын баары абага чачкандай эле жумшалууда. Мунун айынан жолдордун абалы мышык ыйлаарлык абалга келип, жаңылары эң начар сапатта курулуп жатса, тышкы карызыбыздын саны күн санап өсүүдө. Ошондуктан биз бул маселени терең карап, жолдордун сапатсыз, эептеп-септеп курулуп жатканына көзөмөлдү күчөтүп, тиешелүү чечим кабыл алышыбыз керек. Болбосо, өлкөнүн жолдору талкаланып, тамтыгы калбачу болду. Алынган акчалардын каякка, кантип жумшалганы боюнча маалымат алып, мында жемкорлукка жол берген жетекчилер болсо, алардын да жоопкерчилигин кароо кажет. Мен жол куруу тармагында жемкорлук, өзүм билемдик, башаламандык өкүм сүрүп жатканынан шегим жок. Жолдорду карагыла, өзүңөр деле көрүп атасыңар, уңкур-чуңкурга толуп, тамтыгы калган жок. Бишкек-Кара-Балта жолунун абалын көрсөң төбө чачың тик турат. Жолдун кандай абалда экенин көрүү үчүн депутаттар эл ташуучу бусикке отуруп, Кара-Балтага барып, ал жакта көчмө жыйын өткөрөлү. Элдин бул жолго аябай кыжыры келүүдө, жолдор ушунчалык талкаланганы аз келгенсип, жамоо үчүн жолдорду уңкур-чуңкур кылып казып коюшкан. Аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей, машине менен жүрө албайсың. Авто кырсыктар көбөйүп, машинанын жүрүүчү бөлүктөрү жөн эле сынып атат. Андыктан жол куруу, ремонттоо иштери боюнча маселени карабасак болбой калды. Мындай абал качанга чейин уланмак эле?», - деди С. Жураев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы