Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКчы депутаттар Апрель революциясын эскерүүгө арналган иш-чараларга катышты

    Бүгүн, 7-апрелде республиканын бардык аймактарында 2010-жылкы Апрель элдик революциясынын баатырларын эскерүүгө арналган иш-чаралар болуп өттү.

    Бул күнү «Ата-Бейит» Мемориалдык комплексинде жана Аксы окуясына, 2010-жылдын апрель окуяларына арналып тургузулган монументке гүлчамбарлар коюлуп, Ала-Тоо аянтында баатырлардын элесине багышталып  куран окулду. Иш-чара ошондой эле «Медиа-Форум» имаратынын алдында да өткөрүлдү.

    Апрель революциясынын 7 жылдыгына арналган иш-чарага КР президенти Алмазбек Атамбаев, спикер Чыныбай Турсунбеков башында турган ЖК депутаттары, апрель окуясынын катышуучулары, коомчулук өкүлдөрү жана курман болгондордун жакындары катышты.

    Иш-чаранын жүрүшүндө СДПК фракциясынын депутаты Марат Аманкулов Апрель окуясынын келип чыгышын шарттаган учурларды айтып, негизинен элдин бийликке кескин нааразычылыгы себеп болгондугун белгилеп өттү. «Революция классикалык түшүнүгүндө жогорку жактагылар жаңыча жашагылары, төмөн жактагылар эскиче жаашагылары келбей калган учурда ишке ашат. 2010-жылдагы окуя мындай аныктаманын айкын далили. Азыр революция өз максатына жеттиби деген маселе көп көтөрүлөт, анын ичинде сөз эркиндиги муунтулуп жатат дегенде пикирлер үстөмдүк кылууда. Бирок ошол эле мезгилде айрымдар 2010-жылга чейин кандай болгонун унутуп калышты, же айткылары келишпейт. Ал учурда журналисттерди куугунтуктап, өлтүрүп, терезеден ыргытпады беле. Мына ошондо чындап сөз эркиндигине кысым болгон, а бүгүн кудайга шүгүөр сөз эркиндиги өкүм сүрүүдө», - деди Марат Аманкулов.

    Ошону менен катар депутат Апрель революциясы өз максатына жеткендигин да белгилеп өттү. «Биринчиден, мамлекеттик түзүлүш өзгөрдү. Биз парламенттик башкаруу формасындагы өлкөгө айландык, партиялар аралык атаандаштык орун алды, парламент ичинде саясий күрөш жүрүп, ар кандай кайчы пикирлер айтылууда. Экинчиден, 2010-жылдан кийин өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк камсыз кылынды, эл ынтымак-ырашкерликте жашоодо. Парламенттик демократиянын жетишкендиги катары инновациялык технологиялар колдонулган жаңы шайлоо системасы киргизилди. Алгач бул демилге көтөрүлгөндө кээ бирлер атайын фальсификация кылуу үчүн киргизилип жатканын айтышкан. Бирок шайлоонун жыйынтыгы менен бир да митинг болгон жок. Анткени, шайлоо ачык-айкын, таза өткөрүлдү», - деди М. Аманкулов.  Буга кошумча ал социалдык-экономикалык өнүгүүлөр да революциянын жетишкендиктеринен экенин айтты.

    Бул маселе боюнча өз пикири менен башка СДПКчы депутат Евгения Строкова да бөлүштү.

    «Элди нааразылык акцияларына түрткөн башкы себепти баарыбыз жакшы билебиз. Жашоонун оорлошу, коммуналдык акылардын кымбаттоосу, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун күч алуусу, коррупциянын терең кулач жаюусу ж.б. Мындай жагдайда көптөгөн ишкерлер иштерин токтотуп, же чет жакка чыгарып кетүүнү ойлоп калышты. Ошондо элдин чыдамы  чегине жетип, кескин чараларга барууга аргасыз болду. Президент өз элине кол салат деп эч ким ойлогон эмес эле. Бирок тилекке каршы, мындан туура 7 жыл мурда ошондой болду», - деди Евгения Строкова.

    Революциянын жетишкендиктерин айтуу менен эл өкүлү Апрель революциясынын баатырларынын эрдиктерин унутпоого, алардын кан, жандары менен бүгүнкү мезгил келгенин дайыма эстеп жүрүүгө чакырып өттү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея