Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов: Нооруз менен кошо мекенибизде тынчтык, ынтымак-ырашкерлик орун алсын!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди өзүмдүн жана СДПК фракциясынын атынан  жаратылыштын жаңылануусун жана жазгы талаа жумуштарынын жандануусун жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн  куттуктайм!

Нооруз  -  бул жаңы жашоонун башталуусунун, түндү күн, жамандыкты жакшылык,  өлүмдү өмүр жеңүүсүнүн символу. Бул күнү элибизде  бири бирине тынчтык, ачык асман,  амандык каалашып, араздашкандар жарашып, таарынышкандар кечиришип, касташкандар достошуп  келишкен.  Кыргызстанда бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды. 

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтурсун!

Ылайым Нооруз менен кошо Кыргызстаныбызда  тынчтык, ынтымак-ырашкерлик орун алып, ар бир үй-бүлөгө токчулук-молчулук консун, бардарчылык, кут-береке кирсин! Ар бир  адамдын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү уяласын!

Мекенибиздин келечеги кең, өрүшү кенен болсун!

Нооруз майрамыңыздар менен!

 

СДПК парламенттик

фракциясынын лидери

И. Ш. Омуркулов