Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты, Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

    Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында туулган. 43 жашта. Билими жогорку. Казакстандагы мамлекеттик улуттук университетин эл аралык мамилелер, ошондой эле КМЮАны  «юриспруденция»  адистиги боюнча бүтүргөн. 

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы