Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Мамлекеттик маанидеги документтерди мамлекет басып чыгарышы керек

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов жана  Рыскелди Момбеков бүгүн, 16-мартта KBA NotaSys швейцариялык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту.

    Жолугушуунун жүрүшүндө KBA NotaSys компаниясынын аймактык директору Жоомарт Кажмуратов эл өкүлдөрүн компаниянын ишмердиги менен тааныштырып, маалыматтарды берди. Анын айтымында, компания 200 жылдан бери иштеп, эл аралык стандарттарга жооп берген технологиялык инновациялык жана рентабелдик системадагы корголгон басма продукцияларын чыгарып келет. «Биз корголгон банкнотторду, паспортторду, акциздик маркаларды, дегеле мамлекеттик деп эсептелген документтерди чыгарып келебиз. Дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөрдүн акчалары бизден чыгарылган», - деди Жоомарт Кажмуратов. Анын белгилөөсүндө, учурда компаниянын жабдуулары Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина сыяктуу КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп келүүдө.

    Компаниянын соода өкүлү Михаил Полуянов компаниянын эксперттери Кыргызстандын корголгон басма продукциялар рыногун изилдеп чыгышканын, суроо-талапка жараша КРнын заманбап элементтер менен  корголгон биометрикалык паспортун иштеп чыгышканын айтты. «Биз бийликтин бардык тепкичтери менен байланыштык. Бизди кабыл алганыңыз үчүн сизге да рахмат. Компаниябыздын продукциялары жөнүндө кыскача айтып берсем. Биз ишибизди баштагандан кийин Кыргызстандын биометрикалык паспортунун бир вариантын иштеп чыктык, негизинде сиздерге кандай паспорт керек экендиги бизге маалым. Сунуш кылынып жаткан вариант заманбап деңгээлдеги коргоочу элементтерге ээ», - деди М. Полуянов. Ошондой эле ал жаңы паспорттун үлгүсүн көрсөтүү менен компания паспорт эле чыгарбастан буга керектүү жабдуулар менен камсыздай аларын билдирди. «Биз даяр долбоорлорду да сунуштай алабыз, жабдыктар менен камсыздап бергенден кийин   дизайнын өзүңүздөр иштеп чыга ала тургандай кылып консультацияларды да бере алабыз. Мында сиздер паспортторду өзүңүздөр да чыгара бересеңиздер болот», - деди компаниянын соода өкүлү. Анын белгилөөсүндө, өндүрүштү «Учкун» ААКнын базасында жолго салууга толук мүмкүн.

    Өз кезегинде фракция лидери Иса Омуркулов мамлекеттик маанидеги документтер мамлекеттик-улуттук ишканаларда басылып чыгарылышы керектигин белгиледи. «Компаниянын сапаттык жагынан күмөн санабасак болчудай. Мындай жабдуулар бизге керек, анткени, көп документтер чет жерден басылып келүүдө. Мисалы, паспорттор Кениядан, акциздик маркалар Литвадан чыгарылат. Мындан сырткары, мамлекет жергиликтүү компанияларга көп буюртмаларды берип келет», - деди И. Омуркулов. Фракция лидеринин айтымында, качан гана мамлекеттик документтер мамлекеттик басмаканалардан басылып чыгарыла баштаганда гана улуттук коопсуздук камсыз кылынат. Эл өкүлү ошондой эле келечектеги долбоордун экономикалык эсептерин так чыгаруу зарылдыгын, алынган жабдуулардын акчасын төлөөнүн каржылык инструменттерин карап чыгуу керектигин айтты.

    Жолугушуунун соңунда тараптар маселени Кыргызстандын эксперттеринин катышуусунда талкуулоо боюнча макулдашышты. Маселе  фракциянын жакынкы жыйындарына алынып чыгылып, кароого алынары айтылды.

СДПК парламенттик фракциянын катчылыгы

 

Фотогалерея