Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абдывахап Нурбаев Финляндиянын депутаттары менен жолугушту

    Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Финляндия парламентинин Орто Азия достук тобунун мүчөлөрү, депутаттары  менен жолугушту.

    Финляндияга барган делегациянын курамында  ошондой эле билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, «Себат» билим берүү мекемесинин  Башкы директору Нурлан Кудайбердиев ж.б.  да болушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди, ар тараптуу кызматташтыкты өүнүктүрүү, чыңдоо туурасында пикир алмашуулар болду. Өзгөчө билим берүү жана туризм тармактарында тез аранын ичинде иштердин башталып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун түбөлүктүүлүгүнө карата мүмкунчүлүгү бар экендиги тууралуу сүйлөшүп, мындан ары парламенттер, өкмөттөр жана жарандарыбыздын ортосундагы кызуу кызматташуулары достукка өбөлгө түзүлөөрү баса белгиленди.

    Финляндия парламентинин Орто Азия достук тобунун жетекчиси Кай Мыканен билим берүү, туризм тармагында тажрыйба алмашууну жолго коюуга толук мүмкүн экенин белгилеп, бул багытта Финляндиянын өкмөтү тыгыз кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея