Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Кожобек Рыспаев: Көзүң жумулуп калса, уктап жатат дейт, сок ичип жатсаң арак ичип жатат дейт

   Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 9-марттагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев кээ бир журналисттерге нааразы болду.

   “Биз бирибизди үйрөткөндү токтотпойлу. Азыр кээ бир журналисттер базардагы төрт адам сүйлөшсө дагы жазып жатышат. Жазышсын, бирок чындыкка дал келген туура маалыматтарды жазышсын да. Биздегидей сөз эркиндиги Кыргызстандан башка эч кайсы мамлекетте жок болсо керек. Мен баягыда үч депутат менен демилгелеп мыйзам жазгам. Эмне гана кылышкан жок, эмне деп гана жазышкан жок.  Көзүн жумулуп калса, уктап жатат дейт, сок ичип жатсан арак ичип жатат дейт”, деп нааразычылыгын билдирди депутат.

www.fakt.kg