Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Сөз эркиндиги эң ириде элге таандык!

    Мындай пикирин СДПК фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин 15-марттагы жыйынында айтты.

    «Мен ушул чөйрөдөн келген адам катары айтайын, сөз эркиндиги чыны менен чектен чыгып кетти. Журналисттер базалык принциптерди карманбай калышты. Сөз эркиндиги деген эмне? Бул эң биринчи кезекте жоопкерчилик, мыйзамдардын аткарылуусу. Ал эми сөз эркиндиги элге тиешелүү. Бирок мында элдин сөз эркиндиги тууралуу сөз болуп аткан жери жок. Мында маалымат каражаттарынын сөз эркиндигин аша чаап пайдаланышып жатканы жөнүндө болуп жатат. Ал эми бүгүн маалымат каражаттары байларга таандык болуп эсептелет», - деди Рыскелди Момбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы