Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Рыскелди Момбеков: Текебаевдин кайрылуусун мен окуп көрдүм, кайрылуу эмес эле кайгыруу экен

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-марттагы отурумунда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов сөз эркиндиги тууралуу маселени күн тартибине  байланыштуу маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

Андан соң дагы бир “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко Текебаев, Шыкмаматов, Саляновага байланыштуу убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн  узартып, берүүнү суранды. Буга КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков каршы чыкты. “Азыр сөз эркиндиги тууралуу маселени киргизүүнүн кереги жок. Убактылуу депутаттык комиссия дейсиңер анын мөөнөтү 8-мартта  эле бүтүп калган. Ал оомийин болгон да. Өткөндө Текебаевдин кайрылуусун дедиңер, мен окуп көрдүм, кайрылуу эмес эле кайгыруу экен.”- деди Момбеков.

www.fakt.kg