Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Депутаттык комиссиялардын бирөөсү да иши боюнча отчет берген жок

    Мындай пикирин СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.

    «Биз эң ириде мыйзам чыгаруу органы болуп эсептелебиз. Андай болгон соң сапаттуу мыйзамдарды чыгарып, алардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу үстүндө иштешибиз керек. Баары мыйзам чегинде болуп, мыйзамдардын чегинен чыкпасак. Бизде «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», ошондой эле бейөкмөт уюмдар боюнча да мыйзамдар бар. Бул мыйзамдардын эмне себептен аткарылбай жатканын карап, ошого жараша иш алып баралы. Жашырганда эмне, айрым учурларда депутаттык комиссиялар жеке депутаттардын, фракциялардын кызыкчылыктарынан улам да түзүлүп калууда. Канча деген депутаттык комиссиялар түзүлдү, бирок алардын бирөөсү да иштин жыйынтыгы боюнча отчет бериштиби? Эч кандай маалыматтар берилген жок.  Ошондуктан кандай чечим кабыл алсак да, баары ЖК регламентинин, мыйзамдардын чегинде болсун», - деди башкы СДПКчы.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы