Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Азамат Арапбаев: Маалымат каражаттарын тартипке чакыралы!

    Жогорку Кеңештин 15-марттагы жыйынында СДПКчы депутат Азамат Арапбаев президенттин дарегине карата маалымат каражаттарында  ушак-айың маалыматтардын ашкере жазылып жатканы боюнча айтты.

    «Урматтуу кесиптештер, акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында президенттин аброюна шек келтирген,  ар кандай чындыкка коошпогон маалыматтар таркатылып жатат. Бул эң ириде өлкө башчысынын ар-намысына, аброюна көлөкө түшүрүүдө. Экинчиден, эл аралык коомчулукта мамлекеттин абийири кетүүдө. Үчүнчүдөн, улуттук коопсуздукка да коркунуч жаралууда. Ошондуктан биз, депутаттар ЖК мыйзам чегинде чара көрүп, маалымат каражаттарын  тартипке чакырып, жада калса жоопкерчиликтерин карашыбыз керек», - деди А. Арапбаев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы