Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абтандил Кулбараков күзгү-кышкы мезгилден өтүү чараларын көрүүгө өз сунушун берди

    Жогорку Кеңештин отун-энергетика комплекси жана жер кыртышы боюнча комитеттин 14-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 9-февралындагы №122-VI протоколдук тапшырмасы боюнча маалымат угулду.

    Жыйында СДПКчы депутат Абтандил Кулбараков дагы бир жолу Нарын облусун күзгү-кышкы мезгилден  өткөрүү көйгөйүн көтөрдү. «Жаз келип калды, Нарындын жашоочулары үмүттөрүн үзүшүп, электр жарыгына лимитти көтөрүүнү талап кылышкан  митингдерин токтотушту», - деди депутат.

    Эл өкүлү мындай кырдаалга жол бербөө зарылдыгын белгилеп, өкмөттү тариф саясатын карап чыгууга чакырды. Анын айтымында, Нарын облусунун жана эки райондун жашоочулары үчүн кышкы убакта электр жарыгына болгон лимитти 1000 кВт/сааттан 1400-1500 кВт/саатка чейин көтөрүү зарыл. Анткени, алар оор климаттык шартта жашап келишет.

    «Кышында эл үчүн тариф 1000 кВт/саатты түзсө, жайында 700 кВт/саатты түзөт. Бирок жайында белгиленген лимит дээрлик пайдаланылбайт деле, ушуга байланыштуу жайкы лимиттин эсебинен  кышында лимитти 400-500 кВт/саатка көтөрүүнү сунуш кылам», - деди Абтандил Кулбараков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы