Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ирина Карамушкина: Мындай моргдор менен биз ЕАЭБге кире албайбыз

    Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Протоколдун долбоору каралды. Анда  ЕАЭБге кирүүгө байланыштуу Кыргызстанга  жардам берүү каралган.

    Баяндамачы билдиргендей, документке ылайык, Казакстан тарабынан 100 млн. доллар бөлүнөт. Учурга карата бул сумманын 41 млн. долларын бөлүү макулдашылды.

    СДПКчы депутат Ирина Карамушкина бул каржынын бир бөлүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборун модернизациялоого жумшоону сунуштады. Депутаттын белгилөөсүндө, аталган соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкерлери мүмкүн болбогон шарттарда иштеп келишүүдө. Кыргызстандагы ар кандай кырсыктар орун алган учурда моргдун көйгөйлөрү ачыкка чыгат, анткени, моргдун материалдык-техникалык базасы толугу менен жараксыз абалга келген.

    «2010-жылдагы кайгылуу окуядан, ушул жылдын 16-январындагы авиакырсыктан кийин моргдун абалына коомчулук нааразы болду. Себеби, иштөөгө мүмкүн эмес абалга кептелгенине баарыбыз күбө болдук», - деди эл өкүлү.

    Мындан сырткары, депутат бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурап кат жүзүндөгү кайрылууларга эч кандай жооп болбой жатканын билдирди.

    «Албетте, лабораториялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жабдууларды сатып алуу өтө кымбатка турат, бирок моргду  реконструкциялап, муздаткыч камераларды сатып алуу зарыл. Анткени, мындай морг  менен ЕАЭБге кире албайбыз», - деди Ирина Карамушкина.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

 

 

Фотогалерея