Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

ЖК комитетинде коопсуздук жана коргонуу жаатындагы мыйзам долбоорлору Башмыйзамга ылайык келтирилди

    Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Согуштук абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору каралды.

    Баяндамада айтылгандай,  «Согуштук абал жөнүндө» мыйзам долбооруна ылайык,  «коргонуу Кеңеши» деген «Коопсуздук кеңеши» дегенге өзгөртүлүүдө. Ушундай эле өзгөртүүлөр «Улуттук коопсуздук жөнүндө», «КРнын стратегиялык объекттери жөнүндө», «Жарандык коргонуу жөнүндө», «КРнын коргонуусу жана Куралдуу Күчтөрү жөнүндө», «КРнын коргонуу Кеңеши жөнүндө», «КРнын Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Коррупцияга каршы туруу жөнүндө» мыйзамдарына да киргизүү сунушталууда.

    Талкуунун соңунда депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоого алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

 

Фотогалерея